Бишкек – Күн-Туу – Шопоков автожолу асфальтталууда

Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолунун 5–6-чакырымдарында асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери уланууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө.

Учурда жеринде 30дан ашык атайын техника жана 70тен ашык жумушчу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Бишкек–Күн-Туу–Шопоков автожолу Сокулук районундагы маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.

23 Октябрь 2026 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча