Президенттин Ноокен жана Майлуу-Суунун эли менен жолугушуусунда курултайды 4 жылда бир жолу өткөрүү сунушталды.
Тургун 5 жылдан бери президенттин жарлыгы менен курултай чакырылып жатканын, бирок курултайды 4 жылда бир жолу өткөрүп же такыр эле жоюш керек экенин айтты.
“Жылда миллиондогон акча талаага кетип, айыл ичиндеги көйгөйлөр айтылып жатат. Мамлекеттик деңгээлдеги көйгөй айтылбай жатат. Жок дегенде 4 жылда бир жолу өткөндөй кылып коюңуз”, — деди ал.
Президент биринчи курултайды жарлык менен 2022-жылы гана чакырганын билдирди.
“Андан кийин мыйзам кабыл алынып, ошону менен кетип жатат. Жарлык иштебей калган. Республикалык бюджеттен каражат көп деле кетпейт, менин президенттик демөөрчүлүк фондум бар, ошондон каржылайбыз. Көп деле акча кетпейт. Жойгонго болбойт, курултай дагы керек. Анткени алыскы үнү жетпей жаткан айылдардан да келишет. Жетекчилер жеткире албай, жашырып койгон маселелер болот, ошолорду айтып жатпайбы. Туура, майда-чүйдө нерсени айтпай, глобалдуу, каада-салт, тарбия тууралуу айтса деп атасыз да. “Бара-бара бакыр болом, көрө-көрө көсөм болом” дейт го. Курултай дагы такшалышы керек. Анан барып-барып 2 жылда бир, 3 жылда бир, анан 4-5 жылга өтсөк болот. Туура эле айтып жатасыз. Бирок ал келечектин маселеси. Азыр жыл сайын болуп турсун, андан кемип калбайбыз”, — деди президент.