Кыргызстандын түштүгүндө кайрадан жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.
Силкинүүнүн күчү болжол менен 3 баллга жетип, бүгүн түнү саат 02:21де катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргыз стандын аймагында сезилди:
Ничке айылынан түштүк-чыгышты көздөй 15 чакырым,
Кызыл-Өзгөрүш айылынан чыгышты көздөй 18 чакырым,
Токтогул районунун борборунан түштүк-чыгышты көздөй 62 чакырым алыстыкта.
Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Өзгөрүш, Ничке жана Сары-Булак айылдарында болжол менен 2 баллды түздү.