Бишкек шаарынын мэриясы 28-октябрдан тарта борбор калаада жылытуу мезгили башталарын маалымдайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.
«Мындай чечим тышкы абанын температурасынын төмөндөшүн, гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун, ошондой эле турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алынды»,-деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
Эске салсак, белгиленген критерийлерге ылайык, тышкы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 °Cден жана андан төмөн болгон учурда жылытуу мезгили башталат.