Садыр Жапаров Чаткалдагы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алып, күнөөлүүлөргө ырайым болбошу керектигин айтты. Бул туурасында президент Чаткал районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
Жолугушууда Курулуш айылынын тургуну өлкө башчыга кайрылып, небересинин өлүмү боюнча териштирүү иштерин жеке көзөмөлүнө алууну суранган.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, окуя Курулуш айылында 2026-жылдын 18-сентябрында болгон. 11-класстын төрт окуучусу 9-класстын үч окуучусун дааратканада сабап, бири каза болгон. Окуучулар «бизди сыйлабай койдуң» деген доомат менен сабалганы, шектүүлөр камакта экени айтылды.
Садыр Жапаров маалыматтарды уккандан кийин мектептеги рэкетчиликке жол берилбей турганын, буга катуу чара көрүлүшү керектигин айтты.
«Тергегиле, мектептерде баланы сабап өлтүргөндөргө ырайым деген жок болуш керек, башкаларга сабак болот. Сүйлөшүү жолу менен бошонуп кетпесин ошолор. Биз буга катуу карайбыз. Бандит чалыш балдар мурда көп болгон. Азыр андайларды жоготтук. Эгер азыр бандит чалыш балдар бар болсо, абакта отуруп, тарбияланып келишсин, оңолбосо отура беришсин түрмөдө», — деди Жапаров.
Эске салсак, 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары 4 окуучу кармалган болчу.