Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ал Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор болгон.
Эмгек жолун Илимдер академиясында баштап, кийин жогорку окуу жайда окутуучу, доцент, кафедра башчысы жана проректор болуп иштеген.
Роза Айтматова Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө да салым кошкон. 1996-жылы «Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору» аттуу бейөкмөт уюмду түзүп, аялдардын укуктарын коргоо багытында иш алып барган.