Дүйнө чемпионаты: Бүгүн балбан кыздар беттешке чыгат

Кыргызстандык балбандар Айпери Медет кызы менен Гүлнур Таштанбекова бүгүн Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында беттештерин башташат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин төртүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча 50, 57, 65 жана 76 килограммга чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.

65 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Гүлнур Таштанбекова биринчи айлампаны өткөрүп жиберип, мелдешти 1/8 финалдан баштайт. Анда ал америкалык самоалык Анисета Акоста менен украиналык Соломия Винниктин беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

Ал эми 76 килограммга чейинки салмакта катышкан Айпери Медет кызы чейрек финалга чыгуу үчүн Египеттин өкүлү Самар Хамза менен беттешет.

Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.

27 Октябрь 2026 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча