Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо боюнча 116 жана боорду алмаштыруу боюнча 11 операция жасалды. Бул тууралуу 26-октябрда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, бөйрөк алмаштыруу операцияларынын көпчүлүгү Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жасалган — 89. Андан сырткары, 19 операция Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жана 8 операция Ош мамлекеттик университетинин клиникасында өттү.
Боорду трансплантациялоо боюнча жасалган 11 операциянын 7си ОшМУнун клиникасында, 2ден операция Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жана Улуттук хирургия борборунда жасалды.
Нурбек Букуев маалымдагандай, 2024-жылы Президенттин тапшырмасы менен Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна медициналык жабдууларды сатып алууга 20 миллион сом бөлүнгөн. 2025-жылы ушул эле мекемеге бөйрөктү трансплантациялоо системасын өркүндөтүү үчүн дагы 26 миллион сом багытталган.
Мындан сырткары, 2025-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жогорку технологиялык медициналык жардам фондунан Кыргыз-Түрк достук ооруканасында алты бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоо үчүн 3 миллион 960 миң сом бөлүнгөн.
2026-жылга Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна бөйрөктү трансплантациялоо боюнча 20 операциянын акысын төлөө үчүн 12 миллион 200 миң сом каралган.
Боорду трансплантациялоону өнүктүрүүгө да каражат бөлүнүүдө.
2024-жылы Улуттук хирургия борбору керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү фондунан 100 миллион сом алган. 2025-жылы органдарды трансплантациялоо операцияларын өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн 33 миллион сом каралган.
2026-жылы бул максаттарга дагы 64 миллион сом каралып, анын ичинен 21 миллион 622 миң сому кошумча медициналык жабдууларды алууга багытталган.
Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда органдарын алмаштыргандан кийинки 1 миң 528 бейтап катталган. Алардын ичинен 880ү бөйрөк алмаштыруу, ал эми 648и боор алмаштыруу операциясын башынан өткөргөн.