Кыргызстандык Дастан Рыспаев Иорданияда өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утту.
Ал 8-октябрда грек-рим күрөшү боюнча турнирде А дивизионундагы (35-40 жаш) спортчулардын арасында 88 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
37 жаштагы кыргызстандык тайпалык этапта эки жолу мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, жарым финалга чыкты. 1/2 финалда Марокконун өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, ал эми финалда бир жарым мүнөттүн ичинде 9:0 эсеби менен Казакстандын спортчусун утуп, дүйнө чемпиону болду.