Бишкекте кышкысын ышты азайтуу чаралары көрүлүүдөбү? Мэрдин жообу

Бишкек шаарында алдыдагы кыш мезгилинде ышты азайтуу максатында көмүрдүн сапатын көзөмөлдөө, экологиялык таза коомдук транспортту көбөйтүү, ЖЭБден чыккан зыяндуу заттарды азайтуу жана таштандыларды утилдештирүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, абанын булганышына таасир эткен негизги факторлордун бири — көмүр жагуу. Ушуга байланыштуу борбор калаадагы 33 көмүр сатуучу жай текшерилип, көмүрдүн сапатына көңүл бурулууда.

«Бишкекте ышты азайтуу үчүн бир эле багытта эмес, комплекстүү чараларды көрүп жатабыз. Биринчи кезекте көмүр маселеси турат. Көмүр жагуу абанын булганышына олуттуу таасир этет. Ошондуктан 33 көмүр сатуучу жай текшерилип, көмүрдүн сапатына көңүл бурулууда», — деди мэр.

Ошондой эле ал автоунаалардан чыккан зыяндуу заттарды азайтуу багытында коомдук транспортту жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

«Ышты пайда кылган факторлордун бири — автоунаалар. Бүгүнкү күндө коомдук транспортту жаңылоонун алкагында 1 447 газ менен жүрүүчү автобус жана 120 электробус киргизилген. Коомдук транспорт үчүн экологиялык талаптарга жооп берген унаалар алынууда», — деди Айбек Жунушалиев.

Мэрдин маалыматына ылайык, Бишкек жылуулук электр борборунда да зыяндуу заттардын абага тарашын азайтуу үчүн жыл сайын электрофильтрлерди оңдоо иштери жүргүзүлүп, былтыр күкүрттү тазалоо системасы киргизилген.

Мындан тышкары, шаардагы таштандыларды утилдештирүү жана андан электр энергиясын өндүрүү иштери уланууда.

«Бишкекте күн сайын 1 400–1 600 тоннага чейин таштанды пайда болууда. Учурда күнүнө 1 200 тоннага чейин таштанды утилдештирилип, андан электр энергиясы өндүрүлүүдө. Быйыл 230 млн долларга жакын каражатка жаңы келишим түздүк. Ишкананын кубаттуулугун күнүнө 2 миң тоннага чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз. Бул полигондо топтолгон таштандыларды азайтууга жана күн сайын пайда болгон таштандыларды толук иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи мэр.

14 Октябрь 2026 жыл 13:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча