Эртең,15-октябрда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +4…+9 күндүз +17…+22
Таласта түнкүсүн +2…+7 күндүз +15…+20
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14 күндүз +20…+25
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7 күндүз +13…+18
Нарында түнкүсүн +1…+6 күндүз +13…+18
Бишкек шаарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +19…+21 градус болот.