Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, 2026-жылдын 1-декабрынан тартып кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго жогорулатылып, ошол эле учурда укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн төлөнүүчү үстөк акылар азайтылат.
Кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын ай сайынкы акчалай камсыздоосунун өлчөмү ээлеген кызматына, атайын наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша өзгөрөт.
Тактап айтканда, кызматка биринчи жолу кабыл алынган, кызмат өтөгөн жылдары жок, атайын алгачкы наам жана кызматтык маалыматтар менен иштегендиги үчүн үстөк акы албаган кызматкердин айлык акысы кеминде 4 миң сомго көбөйөт
Пенсиялык компенсация алууга жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары бар кызматкерлердин акчалай камсыздоосу ээлеген кызматына жана кызмат өтөгөн жылдарына жараша 10 миңсомдон ашык өлчөмдө жогорулатылат.
Мындан тышкары, кызматтык маянанын жогорулашына байланыштуу эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттардын, кызматтан бошотуу жөлөкпулдарынын жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү да көбөйөт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиялары тиешелүү түрдө жогорулатылып, көбөйүү өлчөмү 10 миң сомго чейин жетет.