14-октябрда саат 14:50дө Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында эпицентриндеги күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Пүлгөн айылынан түштүк-батышка карай 8 чакырым, Котур-Булак айылынан батышка карай 10 чакырым, Кадамжай шаарынан түндүк-чыгышка карай 10 чакырым жана Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышка карай 25 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Пүлгөн, Таш-Кыя, Котур-Булак айылдарында жана Кадамжай шаарында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жакын, Кара-Дөбө, Котормо, Кызыл-Булак, Кескен-Таш, Үч-Коргон, Тамаша, Гайрат айылдарында 3 баллдык болуп сезилди.