Депутат Бишкекте 1–4-класстын окуучулары үчүн 300 автобус ишке киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Бишкек шаарында башталгыч класстын окуучуларын ташуу үчүн 300 мектеп автобусун сатып алууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү күн сайын эртең менен 70 миңге чукул ата-эне балдарын мектепке жеткирип, бул жолдорго кошумча күч келтирип жатканын белгиледи.

Жээнчороев мэрия өкүлдөрүнөн учурда Бишкекте канча автобус иштеп жатканына жана шаардын кошумча транспортко болгон муктаждыгы канча экенине кызыкты.

Борбор калаанын вице-мэри Рамиз Алиев шаарда 1,8 миң автобус бар экенин билдирди. Анын айтымында, муктаждыкты толугу менен камсыз кылуу үчүн дагы 600–800 бирдик транспорт керек.

Буга жооп катары депутат үнөмдөлгөн каражаттарды автобустарды сатып алууга багыттоону жана алардын үч жүзүн 1–4-класстын окуучуларын ташууга бөлүүнү сунуштады.

Жээнчороевдин пикиринде, мектепке ташууну уюштуруу ата-энелер балдарын окуу жайларына жеткирген унаалардын санын азайтууга жана ошону менен Бишкектин жол тармагына түшкөн күчтү жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

14 Октябрь 2026 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча