Азия оюндары: Малик Шаваев коло медаль тагынды

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Малик Шаваев Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 86 кг салмак категориясында күч сынашкан Шаваев алгач Бахрейндин өкүлү Хидир Сайпудиновду 9:5, чейрек финалда Өзбекстандын балбаны Бобур Исломовду 10:2 эсебинде жеңген.

Жарым финалда ирандык Мохаммад Ноходиларимиге 0:3 эсебинде утулуп калган.

Коло медаль үчүн беттеште кыргызстандык балбан Түштүк Кореянын өкүлү Ли Гёнёнду 12:1 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын коло медалына ээ болду.

2 Октябрь 2026 жыл 16:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча