Бишкектин Жусуп Абдрахманов көчөсүндө унаа кыймылын убактылуу жана этап-этабы менен чектөө чечими кабыл алынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, кыймыл жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү курууга байланыштуу чектелмекчи.
Тактап айтканда, 2-октябрдан тарта 10 күн ичинде аталган тилкеде тийиштүү курулуш иштери жүргүзүлөт.
Унаа кыймылына киргизилген чектөө — жумуштарды өз убагында аткаруу үчүн зарыл болгон убактылуу чара. Жолдун эки тарабы тең курулуштун жүрүшүнө жараша кезеги менен жабылып турат.
Жер алдындагы өтмөктөр төмөнкү даректерде курулат:
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, каттамдарды алдын ала пландап, жол белгилеринин талаптарын так сактоону өтүнөт.