Кыргызстандын дзюдочусу Эрлан Шеров Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын финалына чыкты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 90 кг чейинки салмак категориясында алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону иппон ыкмасы менен жеңген. Чейрек финалда БАЭнин өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда утуп, жарым финалга өткөн.
Жарым финалда өзбекстандык Нурбек Муртозоевди 1:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Шеров финалда Япониянын өкүлү Рику Окада менен беттешет. Таймаш Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 14:00дө башталат.