Кыргызстанда картошка импортуна чектөө киргизиши мүмкүн

Кыргызстанда картошканын ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү болгондуктан, анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылы өлкөдө болжол менен 1 млн 249 миң 700 тонна картошка өндүрүлүшү күтүлүүдө.

«Калктын жылдык керектөөсү 799 миң 700 тоннага жакын. Учурда картошка менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 181,9 пайызды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Сунушталган чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого, дыйкандар өндүргөн картошканы ички рынокто сатууга шарт түзүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

Картошканын импортуна убактылуу чектөө киргизүү боюнча токтомдун долбоору учурда коомдук талкууда. Анын жүрүшүндө кызыкдар тараптардын сунуштары жана пикирлери эске алынат. Токтом мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынат.

1 Октябрь 2026 жыл 17:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча