«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу жарандарды акысыз ташуу уюштурулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Ачылыш аземинин алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа уюштурулат.
Иш-чара өтүүчү жерге жарандардын ыңгайлуу жана өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген жөнөө пункттарынан «Бишкек Аренага» чейин жана кайра кайтуу акысыз автобус каттамдарын уюштурат.
Жалпысынан 10 автобус каттамы тартылат.
Жарандарды «Бишкек Аренага» жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жөнөө пункттары жана каттамдар:
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун акысыз автобустарды пайдаланууга чакырат.