«Мадина» базарындагы өрттүн себебин жана келтирилген чыгымды аныктоо иштери уланууда. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Маалым болгондой, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда тергөө иш-чаралары дагы деле уланууда. Тергөө иштеринин алкагында окуянын бардык жагдайлары, ошондой эле өрттүн келип чыгышына жооптуу адамдар аныкталат.
«Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылууда. Төлөмдөр жана компенсациялар тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин каралат», — дешти мэриядан.