Жогорку Кеңеште улгайган, кароого муктаж карылардын жакындарына айлык акы төлөө сунушталды. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү Улукбек Карыбек уулу билдирди.
Анын айтымында, 1-октябрда өлкөдө Карылардын күнү белгиленет.
«Карыларга камкордукту жана кароону камсыз кылуу керек. Мындай колдоо жылына бир жолу гана эмес, системалуу болушу зарыл. Бүгүнкү күндө өлкөдө статистика боюнча кароого муктаж 3,8 миң жалгыз бой карылар бар. Социалдык кызматкерлер аларга жумасына 1-2 гана жолу келишет, бул жетишсиз. Калган күндөрү алар өз көйгөйлөрү менен жалгыз калышат.