Акжол Махмудов коло медалга ээ болду

Бүгүн, 1-октябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланууда.

Кыргызстандык спортсмен Акжол Махмудов 77 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло байгеге ээ болду.

Ал алгачкы беттешинде япониялык спортсмен Нао Кусакага жеңилип калган. Кусаканын финалга чыгышына байланыштуу мелдештин эрежелерине ылайык, Акжол Махмудов көңүл жубатуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Көңүл жубатуучу беттеште Акжол Махмудов Казакстандын өкүлү Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде ири айырма менен жеңип, коло медаль үчүн беттешүүгө жолдомо алган.

Коло медаль үчүн беттеште Кытайдын өкүлү Руи Лю менен күч сынашып, 9:0 эсебинде убактысынан эрте ишенимдүү жеңди.

1 Октябрь 2026 жыл 16:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча