Азия оюндары-2026: Айпери Медет кызы жана Малик Шаваев коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 2-октябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Кыргызстандык спортсмен Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.

Ал алгачкы беттешинде Индиянын өкүлү Прияны 6:1 эсебинде жеңген.

Кийинки баскычта Индонезиялык Варедиса Септи Путри Хидаятты 10:0 эсебинде утуп,жарым финалда япониялык Кагамиге жеңилип калды.

Эми Айпери Медет кызы коло медаль үчүн Өзбекстандын өкүлү Севинчой Полвонова менен күч сынашат.

Эркектер арасында 86 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан Малик Шаваев алгачкы беттеште Бахрейндин өкүлү Хидир Сайпудиновду 9:5 эсебинде жеңди.

Чейрек финалда Өзбекстандык Бобур Исломовду 10:2 эсебинде утуп, жарым финалда Ирандык Мохаммад Ноходиларимиге 0:3 эсебинде жеңилип калды.

Малик Шаваев коло медаль үчүн Түштүк Кореянын өкүлү Ли Гёнён менен беттешет.

2 Октябрь 2026 жыл 13:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча