Шашылыш билдирүү! 4-5-октябрда катуу жамгыр, кар жаап, аба ырайы кескин сууктайт

Кыргызстанда 4-октябрда түштөн кийин жана 5-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» кызматы билдирди.

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат, ал эми бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, айрым жерлерде 15–20 метрге, ал эми Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19–24 метрге чейин күчөшү күтүлөт.

5-октябрда күндүз жана 6-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +3…+8°, күндүз +9…+14°;

Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +9…+14°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +16…+21°;

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +11…+16°;

Тоолуу райондордо: түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз +1…+6° жылуу;

Бийик тоолуу райондордо: түнкүсүн −5…-10° суук, күндүз −1° сууктан +4° жылуулукка чейин болот.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа каттамын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, жайыттарда мал багууну татаалдаштырат.

2 Октябрь 2026 жыл 14:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча