Америкалык ырчы Redfoo «Бишкек Аренанын» ачылышында ырдайт

Америкалык ырчы Redfoo «Бишкек Аренанын» ачылышында ырдайтборбор калаада «Бишкек Аренанын» ачылышынын алкагында 5-октябрда өтө турган B.A. DAY фестивалынын хедлайнерлери болушат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары социалдык тармактарда билдиришти.

Келген коноктор LMFAO тобунун дүйнөлүк хиттерин угуп, Party Rock стилиндеги шоуну көрө алышат. Эске салсак, 5-октябрда аренанын расмий ачылышынын алкагында кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү артисттердин катышуусунда B.A. DAY фестивалы өтөт

Муну менен катар, иш-чара өтө турган күнү Бишкектеги мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ошондой эле билим берүү уюмдары онлайн форматта иштешет. Иш-чаранын көрүүчүлөрү үчүн борбордогу 10 жерден акысыз автобустар айдалат. Алар жүргүнчүлөрдү саат 15.00дөн 18.00гө чейин стадионго жеткирип турат. Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткиришет.

2 Октябрь 2026 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча