Нарын облусунда саат 12.39да жер титиреди. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарынан түштүк-чыгышты көздөй 7 чакырым жана Баетов айылынан түштүк-чыгышты көздөй 32 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткени кабарланды.