Азия оюндары-2026: Мээрим Жуманазарова коло медаль алды

Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Мээрим Жуманазарова мелдештеги алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн.

Жарым финалда кыргызстандык спортсмен Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гум менен беттешип, жеңилип калган.

Коло медаль үчүн болгон беттеште Мээрим Жуманазарова Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңип, XX Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.

30 Сентябрь 2026 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча