Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында Кыргызстандык спортсмен Раззак Бейшекеев коло медалдын ээси. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ал 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып,алгачкы беттешинде Катардын өкүлү Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда Өзбекстандын өкүлү Айтжан Халмаханов менен беттешип, 0:5 эсебинде жеңилип калган.
Коло медаль үчүн беттеште Кытайлык Ленг Жи ни 5:1 эсебинде жеңип, үчүнчү орунга ээ болду.