Новопокровка – Туз жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү

Ысык-Ата районундагы Новопокровка – Туз унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдун аталган 5 чакырым бөлүгүн асфальттоо титулдук тизмеге киргизилген. Учурда №43 Жол эксплуатациялоо мекемеси пландалган иштерди толук аяктады.

Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн каттамды жеңилдетип, айылдар менен район борборунун ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууга шарт түзөт.

Жолду оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

30 Сентябрь 2026 жыл 15:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча