Октябрь айында Бишкек жана Манас шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жайгашкан турак жай комплекстериндеги 4 миңден ашуун батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
МИКтин маалыматына ылайык, курулуш иштери белгиленген мөөнөттө аяктаса, октябрь айында төмөнкү даректерде батирлерди тапшыруу пландалууда:
Жалпысынан аталган объектилерде 4119 батирди пайдаланууга берүү каралган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 83 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Ал эми 2026-жылдын аягына чейин 20 миң батирди пайдаланууга берүү пландалууда.
МИКтин маалыматына караганда, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана пландаштырылган көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча иштер улантылууда.