Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу мектептерде ата-энелерден акча чогултуу токтобой жатканын айтты. Ал Финансы министрлигинин расмий отчётуна таянып, мектептердеги расмий эмес төлөмдөрдүн суммасы 2,5 миллиард сомго жетерин белгиледи.
«Президенттин ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган жарлыгы кагаз жүзүндө эле калып жатат. Ушуну ишке ашыра турган министрлер чабалдык кылууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджеттен тазалык каражаттарына болгону 175 млн сом бөлүнөт экен. Бул жердеги көйгөй окуучулардын жан башына эсептелген чарбалык каржылоонун Совет доорунан бери өзгөрбөй калганыдыгында болуп жатат. Ошондуктан чарбалык каржылоо боюнча реалдуу нормативди кайра карап чыгуу керек», — деди депутат.