Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык эки спортсмен коло медаль үчүн беттешке чыгат.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова жана грек-рим күрөшү боюнча Раззак Бейшекеев өз салмак категорияларында коло медаль үчүн күч сынашат.
Раззак Бейшекеев 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып,алгачкы беттешинде Катардын өкүлү Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда Өзбекстандын өкүлү Айтжан Халмаханов менен беттешип, 0:5 эсебинде жеңилип калган.
Мээрим Жуманазарова 68кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңген.
Жарым финалда Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гумдан утулуп калды.
Коло медаль үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.