1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло. Кыргызстан Азия оюндарында 14 медаль жеңди

Нагоя шаарында (Жапония) 4-октябрда жайкы Азия оюндары жыйынтыкталды. Жалпысынан спорттун 43 түрү боюнча 469 алтын медаль ойнотулду.

Кыргызстандын атынан 169 спортчу чыгып, алар спорттун 28 түрү боюнча таймаштарга катышты.

2026-жылдагы Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы 14 медаль — 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медаль жеңди.

Жалгыз алтын медалды Жоламан Шаршенбеков алып келди, ал 60 кг чейинки салмак ченинде грек-рим күрөшү боюнча 1-орунду ээледи.

Күмүш медалдын ээлери болуп Денис Петрашов (сууда сүзүү), Асан Жанышов(грек-рим күрөшү) жана Эрлан Шеров (дзюдо) болушту.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу спортчулар сууда сүзүү, кураш жана ММА боюнча медаль утушту.

6 Октябрь 2026 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча