Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина жеткирилип, бардык аймактарга бөлүштүрүлдү. Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө башталды. Бул туралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева «Биринчи радиодон» билдирди.
Анын айтымында, биринчи кезекте тобокелдик тобундагы адамдар акысыз эмделишет:
өнөкөт оорусу бар жарандар;
кош бойлуу аялдар;
бат-баттан ооруган кичинекей балдар;
медицина кызматкерлери;
65 жаштан ашкан адамдар.
Оторбаева эмдөө оорунун оор өтүшү же кабылдап кетиши сыяктуу тобокелдиктерди азайтууга багытталганын түшүндүрдү. «Бул адам таптакыр оорубайт дегенди билдирбейт, бирок оору жеңилирээк өтүшү мүмкүн», — деди ал.
Акылуу негизде эмдөөнү каалаган башка жарандар вакцинация жасоого уруксаты бар менчик клиникалардан эмделе алышат.