Кечээ, 5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземине барган жарандар үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акысыз коомдук транспорт уюштурулду.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаар боюнча 700 автобус каттамга чыгарылды.
Жарандардын иш-чара өтүүчү жерге ыңгайлуу жана өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу максатында автобустар шаардагы 10 жерден «Бишкек Арена» стадионуна чейин жана кайра баштапкы багыттары боюнча каттады.
Жарандарды стадионго жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп, автобустар толушуна жараша, 4–6 мүнөттүк аралык менен жөнөп турган.