Өткөн аптада Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) 5 миң 748 учуру катталды. Бул тууралуу «Биринчи радиодон» мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирди.
Ал өлкөдө жалпысынан эпидемиологиялык кырдаал туруктуу бойдон калып жатканын белгиледи.
Мурунку жумага салыштырмалуу оорулуулардын саны 0,55 пайызга өскөн. Көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бирдей деңгээлде турат.
Ооругандардын 80 пайызга жакыны — 14 жашка чейинки балдар. Алардын басымдуу бөлүгү (57 пайызы) — төрт жашка чейинки балдар болууда.
КРВИ менен ооругандардын мезгилдик өсүшү адатта балдар мектептерге жана бала бакчаларга кайтканда байкалат деп кошумчалады адис.