Тоолуу аймактарга кар жаайбы? 7-октябрга күтүлгөн аба ырайы

7-октябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында жаан-чачын болуп, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 1…6°, күндүз 16…21°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 1…6°, күндүз 14…19°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17°

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 18…20° болот.

6 Октябрь 2026 жыл 18:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча