Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда республика боюнча бир убакта 20 социалдык объекттин ачылыш аземи өттү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, алардын катарында Бишкек шаарындагы Өскөн-Ордо конушунда курулган 750 орундуу жаңы мектеп да бар.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Өскөн-Ордо конушундагы мектеп — бул аймакта курулган алгачкы мектеп.
Үч кабаттуу мектеп имараты 750 окуучуга ылайыкталып, окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап шарттар каралган.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылды.