Кыргызстанда административдик-аймактык реформа уланат. Кийинки этапта бардык облустарды жана райондорду жоюу каралууда. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Айтымында, 7 облустун жана 40 райондун ордуна, өлкөдө болжол менен 20 аймак түзүү пландаштырылууда.
«Аймак — райондордон чоңураак, бирок облустан кичине. Кыргызстанда 40 эмес, 20дан ашык аймак түзүлөт. Ар бир аймактын өзүнүн потенциалы бар. Мисалы Ысык-Көлдүн түндүгү, түштүгү — бир жагы Балыкчы шаарына, бир жагы Ысык-Көл районуна биригет. Жалал-Абад жана Ош облустарында чакан райондор бар, бирок өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар райондор бар. Бул принцип боюнча, алар бириктирилип, андан кийин аймактарга бөлүнөт», — деди Жантаев.
Белгилесек, республикада административдик-аймактык реформанын биринчи этабы 2023-жылы башталган. Бул реформанын алкагында айрым райондордун чек аралары өзгөртүлүп, бир катар калктуу конуштар шаарларга кошулган. 2023-жылы президент Садыр Жапаров облустарды жана райондорду административдик бирдик катары жоюп, алардын негизинде 20дан ашык аймак түзүү планын айткан.