«Тазалык ишканасы Бишкектиктерден таштандыны саат 19:00дөн кийин гана чыгарууга чакырды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул чара таштандыларды чыгаруу иштерин оптималдаштырууга жана жол кыймылына түшкөн жүктү азайтууга багытталган дешет ишканадан.

«Унаа кыймылы азайган убакта таштандыларды чыгаруу жол тыгындарынын пайда болуу ыктымалдыгын азайтып, таштанды ташуучу техникалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын бул сунушту эске алууга чакырат. Бул коммуналдык кызматтардын үзгүлтүксүз иштешине көмөк көрсөтүп, борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол кыймылына түшкөн жүктү азайтууга шарт түзөт деп белгилешет.

27 Октябрь 2026 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча