«Бул тарыхый жараян болуп калат». Нурланбек Тургунбек уулу сот создукпашы керектигин айтты

Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум ачык өтүүдө. Отурумда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айыпталуучулар иштин ачык жана тез арада аякташына кызыкдар экенин билдирди.

“Тез арада бул ишке жыйынтык чыгарыш керек. Себеби, бул тарыхый сот жараяны. Жок нерседен атайын ушундай маселеге келдик. Бул тарыхый жараян болуп калат. Андыктан акты ак, караны кара деп чекит койгонго бул жерде отургандардын баары, коомчулук да кызыкдар”, — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Ал эч ким сот жараянын узартууга кызыкдар эместигин билдирди.

15 Июнь 2026 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча