ИИИ Айдарбеков суралып жаткан кылмыш иши боюнча маалымат таратты

14-апрелде Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чыңгыз Айдарбеков суралып жаткан кылмыш иши боюнча маалымат таратты. Анда мурдагы тышкы иштер министри Айдарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (“кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айыбы угузулганы маалымдалат.

Экс-министр кызматта турганда эч кандай мыйзам бузууга барбаганын белгилеп, маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу кагазга кол койгонун журналисттерге айткан.

“Текшерүү учурунда белгилүү болгондой, А.Ч.А. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Айдарбековго айыбы угузулуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы коюлган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

15 Апрель 2026 жыл 8:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча