Инвестицияларсыз өлкө өнүгө албайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар подкастта» билдирди.
«Өнүккөн өлкөлөрдү алсак, жакында эле мен эң бай мамлекеттердин бири болгон Катарда болдум. Ал жерде өзүнүн калкы 400-500 миң адамды түзсө, 5-6 млн мигрант иштейт. Сауд Аравиясын, Американы, Европаны, Японияны жана Кытайды алалы. Алардын өздөрүнүн ички инвесторлору бар, бирок ошого карабастан чет элдик капиталды да тартышат. Анткени ансыз мамлекет өсүп-өнүгө албайт», – деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле президент Садыр Жапаров ИДПнын өсүү темпи 9-10 пайыздан төмөндөбөшү керек деген милдет койгонун белгиледи.
«Жыл өткөн сайын экономиканын көлөмү өсүп жатат, ошондуктан жогорку өсүү темпин сактап калуу барган сайын татаалдашууда. Мындай көрсөткүчтү кармап туруу үчүн миллиарддаган долларлык инвестициялар талап кылынат. Бул үчүн туруктуулук жана элдин ишеними керек. Бизге жогорку технологиялар алып келинип, ири заводдор курулууда. Азырынча биздин жумушчулар мындай технологиялар менен иштөөнү толук биле элек болгондуктан, чет өлкөлүк адистер келишет. Алар объектти куруп, кайра кетишет. Биздин негизги талабыбыз – кийин ал жерлерде Кыргызстандын жарандары иштеши керек. Бул үчүн жарандарыбыз атайын окутулуп, даярдалып жатат», – деди Адылбек Касымалиев.
Минкаб төрагасы ошол эле учурда таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууда да тиешелүү адистер болбогондуктан, кытайлык жумушчулар келгенин, объектти куруп бүткөндөн кийин кеткенин айтты.
«Азыр ал жерде татаал технологияларды билген бир нече инженердик адис гана калды. Бирок алар да учурда биздин кыргызстандык адистерди окутуп жатышат», – деп түшүндүрдү Адылбек Касымалиев.