Керээз калтыруучунун мүлкүн мурастоо боюнча жаңы тартип киргизилет. Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты укуктук боштуктарды жоюу жана жарандардын өз мүлкүн эркин тескөөгө жана мүлктү керээз боюнча мурастоого (жакын тууганы болбогон адамдар үчүн) конституциялык укуктарын камсыз кылуу болуп эсептелет.

Киргизилген өзгөртүүгө ылайык жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк нотариалдык күбөлөндүрүлгөн керээзи (керээз калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү) бар адамга кайрадан берилет.

Ал эми мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

16 Ноябрь 2026 жыл 14:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча