Кыргызстанда 9 айда ботулизмден каза болгон 2 учур катталды

Кыргызстанда 9 айда ботулизмден каза болгон 2 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында билдирди.

Комитет 16-ноябрда калктын санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты укту.

Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, 9 айда тамак-аштан уулануу боюнча 216 кайрылуу катталып, жабыркагандар 624 адамды түздү.

Ал билдиргендей, уулануулардын 42%ы коомдук тамактануу объектилерине, 24%ы тез татым ишканаларына, 15%ы соода объектилерине жана 19%ы үй-бүлөлүк шарттарга туура келет.

Ишенапысова ботулизм учурлары да катталып жатканын билдирди. Анын маалыматы боюнча, былтыр ботулизмден каза болгон 5 учур болгон.

Уулануулардын көбү Бишкек шаарында болууда (169 учур), ал эми башка аймактарда — 64 учур.

Ишенапысованын айтымында, уулануунун негизги объектилери болуп фастфуд түйүндөрү, кейтеринг кызматтары, салтанаттуу иш-чаралар жана майрамдык дасторкондор саналат. Ботулизм үй шартында да кездешет.

Ботулизм — бул Clostridium botulinum бактериясынын нейротоксини козгогон оор, өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон оору. Токсин нерв тутумун жабыркатып, шалга жана дем алуунун токтоп калышына алып келиши мүмкүн. Тамак-аш ботулизми кычкылтек жок чөйрөдө бактериялар көбөйүп, токсин бөлүп чыгарган азыктарды колдонгондо өөрчүйт.

16 Ноябрь 2026 жыл 16:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча