Майлуу-Сууда милициялар менен жарандардын ортосунда мушташ чыккан

Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлери катышкан мушташ боюнча текшерүү жүрүп жатат.

Жалал-Абад облусунун ИИБ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 20-январда шаардык ооруканадан дене жаракаттары менен 1999-жылы туулган Н.К. жана А.К. аттуу жарандар медициналык жардам сурап кайрылышкандыгы тууралуу кабар райондук ИИБ нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

Материалдар ИИБнын тергөө кызматы тарабынан катталып, текшерүү башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 19-январда Майлуу-Суу шаардык ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери М.А., Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Н.К., ошондой эле жарандар Н.К. жана А.К. ортосунда мушташ болгону аныкталган.

Төртөө тең дене жаракаттары менен шаардык ооруканада жатышат.

Материалдар Майлуу-Суу шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

25 Январь 2025 жыл 19:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча