Бүгүн,18-октябрда Манас районунун 80 жылдык мааракесине арналган ат жарыш оюнунда жаш чабандес Али Нурабатов 1-орунду ээледи.
Мелдешке келген катышуучулар Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы, Талас областынын 80 жылдыгы, Манас районунун 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, бул саамалык дагы да улантылышына тилектештигин билдиришүүдө. Эске салсак Манас районунун 80 жылдыгына утурлай жалпы байге фонду бир миллион (1000000) сомду түзүп, көк-бөрү, ат чабыш, ордо, кыргыз күрөшү, волейбол жана футбол оюндары өткөрүлүүдө.