НУРСУЛТАН БЕЙШЕНБЕК УУЛУ ЛЕНИН РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын Ленин администрациялык районунун башчысынын орун басары кызматына Бейшенбек уулу Нурсултан дайындалды. Ал буга чейин №106 МАБдын башчысы болуп иштеп келген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

3 Март 2026 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча