
Ырчы Бек Исраловго өкүл атасы КР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков учурда 3 ыр жазып берип жаткандыгын Кактус Медиасына айткан.
«Былтыр «Алгалай бер» деген ырым чыккан. Биздин спортчуларыбыз олимпиададан жеңишке жеткенде илхом келип, жаралган. Ошол ыр азыр хитке айланды. Азыр кайсы гана спорттук иш-чара болбосун мени чакырышат. Балбандарыбыз утуп келиптир ушул ырды ырдап бер дешет. Азыр дагы 2-3 ыр жазып жатам. Ал ырлардын автору — №1 хитмейкер Мирбек Атабеков. Ал киши өкүл атам болгондуктан «сага көп ыр жаза албай жүрдүк, эми студия бар, буюрса сага жакшы ырларды жазып берем» деп көп ыр жазып берген. Ошолорду бирден чыгарып жатабыз. Андыктан жакында хит болот»,-дейт Исраилов.