Өмүрбек Бабанов ырчы Бегимай Турсбековага 1 миллион сом сыйлык тапшырды
MБанктын жаңы жылдык корпоративинде бизнесмен Өмүрбек Бабанов Россияда өтүп жаткан “Царица” сынагына катышып жаткан кыргызстандык ырчы Бегимай Турусбековага 1 миллион сомдук сыйлык тапшырды. Ал Бегимайдын талантына жогору баа берип, анын чыгармачылыгы өлкө намысын коргоо менен бирге эл аралык деңгээлде таанылууга жол ачарын белгилеп, аны менен сыймыктанаарын билдирди. Бегимай бул сынакта Кыргызстандын жалгыз өкүлү болуп саналат.